Таласта сот кызматкерлери зордуктады делген Калия Арабекованын иши боюнча күбөлөр сурала баштады. Ишти бүгүн Сокулук райондук соту жабык карады.
Буга чейин жабырлануучу Арабекова козголгон кылмыш ишти Талас райондук соту адилеттүү карабай койгондуктан, аны башка жакка которуу боюнча арыз жазган. Мунун негизинде иш Сокулук районуна которулган. Келин сотто өзүнүн укугун татыктуу коргоо үчүн жардамга муктаж экенин билдирген.
Айыпталуучулар өздөрү сүйлөп берүүдөн баш тартты. Алардын бири Илгиз Карыбаевдин апасы баласына жалган жалаа жабылып жаткандыгын билдирди.
31 жаштагы Калия Арабекова аны алимент алып келдик деген шылтоо менен Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары былтыр, 30-декабрда зордукташканын айтып, сотко кайрылган. (КЕ/TSh)