Адвокат Алина Жакыпбаева Ош шаардык сотунун мурунку чечими күчүндө калып, ошонун негизинде жаза чарасы күчүнө кирип жатканын билдирди. Айыпталуучунун эжеси Гүлдана Аманова сиңдиси Гүлбара психикалык жактан оорулуу экенин билдирүүдө.
Гүлбара Аманова мындан эки жыл мурда каскан уурдаган деген айып менен бир жылга шарттуу кесилген. Учурда ал ай сайын атайын келип катталып туруу шартын бузгандыгы үчүн кайрадан жазага тартылууда. (YI)