Талип согушкерлери Пакистандын Пешавар шаарындагы аскерий башкаруудагы мектепке чабуул жасашты. Кол салуудан тогуз жаштагы 16 окуучу, бир мугалим жана күзөтчү курман болгонун Хайбер-Пуштун провинциалдык өкмөтүнүн мүчөсү Мухаммад Ариф билдирди.
Чабуулду Пешавардын мыкты кайтарылган бөлүгүндө жайгашкан мектептин территориясына эртең менен кирип барган куралчан адамдар баштаган. "Техрик-е-Талибан Пакистан" уюмунун өзүн Мухаммад Хорасани деп атаган өкүлү “Азаттык” радиосунун кабарысына телефон чалып, кол салуу өкмөттүк күчтөр Түндүк Вазиристанда жүргүзүп жаткан операция үчүн өч алуу деп билдирди.