Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Кыргызстандык 11 судья эл аралык мелдештерге калыстык кылат


ФИФА реферинин ассистенти Бахадыр Кочкаров.
ФИФА реферинин ассистенти Бахадыр Кочкаров.

ФИФАнын 11 кыргызстандык судьясы 2015-жылдагы эл аралык мелдештерге калыстык кылууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди. Маалыматка караганда, аталган тизмеге үч башкы калыс, алты капталдагы калыс жана эки кичи футбол калыстары кирген. Эл аралык мелдештерде реферлер Дмитрий Машенцев, Тимур Файзуллин жана Рысбек Шекербековдор кызмат кылышат. Рефердин ассистенттери болуп Бахадыр Кочкаров, Сергей Грищенко, Замир Чыныбеков, Исмаилжан Талипжанов, Артем Скопинцев жана Эльдияр Салыбаев дайындалган. Кичи футбол мелдештерине калыстык кылууга ага-ини Нурдин жана Нурбек Букуевдер уруксат алышты. (ECh)

XS
SM
MD
LG