Орус акчасы дагы 10 рублге арзандап кетти. 80 рубль 1 доллар жана 100 рубль 1 евро болуп калды. Орусиянын борбордук банкы 15 -декабрда рублди жөлөө үчүн проценттик ставкасын 10, 5 проценттен 17 процентке жеткирген. Ошондон кийин 1 доллар 60 рублге түшкөн эле.
Либерал-демократтык партиянын лидери Владимир Жириновский Мамдумадагы бүгүнкү талкууда сүйлөп, Борбордук банктын төрагасы Элвира Набиуллинаны отставкага кетүүгө чакырды:
- Негизги күнөө Борбордук банктын жетекчисинде. Башка өлкөдө банктын башчысы жашын көлдөтүп отставкага кетмек. Борбордук банк биздин улуттук акчаны кунун учурдуңар. 1994 жана 1998-жылкы "Кара шейшембиде" да ушундай болгон. Дайыма рублдин куну учканда Борбордук банктын башчысы же Каржы министри токтоосуз кызматтан кетчү. Мен Орусиянын жаңы тарыхын айтуудамын, - деди Жириновский.
Элвира Набиуллина бүгүн “Россия-24” ТВсына берген интервьюда, рублдин арзандоосун мунайдын баасынын төмөндөшү жана орусиялык компаниялар менен банктардын Батыштан капитал ала албай калуусу менен түшүндүргөн болчу:
- Акыркы убакта улуттук валюта маанилүү өлчөмдө арзандаганы байкалды. Анын негизги себеби: кара майдын баасынын төмөндөшү жана биздин компаниялар менен банктардын эл аралык финансы булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроосу болду, - деген Набиуллина.
Жыл башынан бери рубль 50 процентке жакын арзандады.