Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Орус рубли ала салып араң токтоду


16-декабрда түштөн кийин Москвада 80 рубль 1 доллар жана 100 рубль 1 еврого чыкты.Бирок кечке жуук 1 доллар 72 рубль жана 1 евро 91 евро болуп калды.

Орусиянын Борбордук банкы кечээ негизги ставкасын10, 5 проценттен 17 процентке жеткиргенине карабай, рубль 20 проценткечейин арзандап барды. Борбордук банкынын төрагасы Элвира Набиуллина бүгүн “Россия-24” ТВсына берген интервьюда, рублдин арзандоосун мунайдын баасынын төмөндөшү жана орусиялык компаниялар менен банктардын Батыштан капитал ала албай калуусу менен түшүндүрдү. Либерал-демократтык партиянын лидери Владимир Жириновский Мамдумадагы бүгүнкү талкууда сүйлөп, Борбордук банктын төрагасы Эльвира Набиуллинаны отставкага кетүүгө чакырды.

Жыл башынан бери рубль 50 процентке жакын арзандады жана кубатын быйыл дүйнөдө эң катуу арзандаган украин акчасы-гривнадан да көпкө жоготту.

XS
SM
MD
LG