Өкмөт башчынын буйругу менен Исфана шаарынын мэри Ташполот Козубаев жана Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Эки калаа башчысы тең өз арызы менен иштен кеткенин, тийиштүү буйрукка 16-ноябрда кол коюлганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.