Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Боснияда 10 этникалык серб аскерлери кармалды

Босния полициясы 1992-95-жылдардагы согуш учурунда мусулман жарандарды өлтүргөн деген шек менен 10 этникалык сербди кармады. Алардын баары убагында аскер адамдары жана бийик даражалуу полиция кызматкерлери болуп иштеген. Шектүүлөр Зворник шаарында 1992-жылдын июлунда 70 кишини өлтүргөн деп айыпталууда.

Жакында эле полиция 1993-жылы 20 адамды жок кылган деген шек менен Босниядагы сербдердин 15 өкүлүн камаган болчу.

Жыйырма жыл муруңку согушта миңдеген адам каза таап, жүздөгөн кишилер дайынсыз жоголгон.

XS
SM
MD
LG