Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Бишкекте жапон операсы коюлат


Бишкектеги опера-балет театрында 20-декабрь күнү жапониялык артисттер өнөр тартуулайт. Маданий иш-чара Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп жатканын аталган театрдан билдиришти.

Көрүүчүлөргө Икума Дандын калемине таандык “Бир тал турна канаты” чыгармасы сунушталат. Негизги партияны жапон операсынын жылдыздары Акико Хаякава менен Ресукэ Ноцу, кыргыз театрынан Таир Бейшеев менен Бакыт Ыбыкеев аткарат.

“Бир тал турна канаты” – жапондордун эң белгилүү операсы болуп саналат. 1952 жылдан бери 700 ирет сахналаштырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG