Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Парламентте адам укуктары боюнча өкмөттүк угуу өтөт


Жогорку Кеңеште 18-декабрда Кыргызстанда жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча өкмөт аткарып жаткан иштер талкууланат. Өкмөттүк саат “Адам укуктары боюнча кеңеш” уюмунун демилгеси менен парламенттин колдоосунда уюштурулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун төрайымы Гүлжамал Султаналиева билдирди:

-Буга чейин Кыргызстанда адам укуктарынын абалы саясий деңгээлде талкууланбаган. Ар кандай жыйындар, конференциялар өткөрүлүп келет. Бирок парламентте өкмөттүк угуу болгон эмес. Бир жылдан бери Жогорку Кеңештин адам укуктары боюнча комитети менен бирге ушул маселени көтөрүп келатканбыз.

Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында демократиялуу экени айтылып жүргөнү менен эл аралык уюмдар адам укуктары жаатында дагы эле кемчиликтер бар экенин белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG