Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Бишкекте Ислам динин талкуулаган илимий симпозиум болот


Экстремизмди жайылтууну токтотууда Ислам дининин ролу бүгүн Бишкекте өтө турган илимий симпозиумда талкууланат. “Исламда орто жол” аттуу иш-чараны “Адеп башаты” коомдук фонду уюштурууда. “Вефа-Борбор” комплексинде боло турган талкууда Борбор Азияда диний сабаттуулуктун өнүгүшү жана бүгүнкү абалы тууралуу пикирлер айтылат.

Жыйынга динчил аалымдар, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, илимий интеллигенция өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу “Адеп башаты” уюмунунан кабарлашты.

Күч органдары Кыргызстанда соңку мезгилдерде диний радикалдашуу күчөп жатканын айтып келет. Сириядагы согушка 200 чамалуу кыргыз жараны кеткени расмий тастыкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG