Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Кыргызстан паспорт даярдоодогу коопсуздук боюнча Грузия тажрыйбасын үйрөнөт


Буга байланыштуу кыргызстандык делегация бүгүн Грузияга жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев билдирди. Кыргызстандан барган адистер паспорт даярдоого чейинки баскычтан тартып коопсуздук маселесине чейин үйрөнүшөт.

Буга чейин башка өлкөлөрдүн жарандарына, кримтөбөлдөргө кыргыз паспорту мыйзамсыз берилип кеткен учурлар катталган. Жакында эле Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев быйылкы ажылык учурунда Кыргызстандын жасалма паспорту менен баргандар болгонун айтып чыккан. Анын айтымында, жасалма виза менен 69 адам кармалган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG