Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

Мүлк фондунун мурдагы жетекчиси шылуунчулукка шектелүүдө


Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери шылуунчулукка шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар Кыргызстан - Малайзия ишканасынан талаш маселени чечүү үчүн деп, 75 миң доллар алып, жеке иштерге короткон. Бул факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдоо беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта кылмышка шектүү мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин аты-жөндөрү көрсөтүлгөн эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG