Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Жаңы конуштарда алты миңден ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилген


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде 42 жаңы конушта мыйзамсыз делген 6 382 жер участогу аныкталган. Анын 3,5 миңден ашуунуна үйлөр мыйзамсыз курулууда.

Бүгүн парламент “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карады. Кадыралиева жергиликтүү бийликке мыйзамсыз курулган, бирок ээси аныкталбаган турак үйлөрдү, курулуп бүтө элек пайдубалдарды бузууга уруксат берген беренени киргизүүнү сунуштоодо. Айрым депутаттар бул берене социалдык жарылууга алып келиши ыктымалдыгын белгилеп, добуш берүүнү кийинкиге жылдырышты.

Бишкектин тегерегинде 50гө жакын жаңы конуш бар. 1990-жылдардан кийин Бишкектин тегерек четиндеги көп жерлер, анын ичинде айдоо аянттары мыйзамсыз басып алынган. Көпчүлүгү бара-бара жер тилкелерин мыйзамдаштырып алса, жерге болгон ээлик укугун өкмөт менен алиге талашып келгендер да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG