Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кадамжай автодорожный” өткөрмө бекетинде жаңгак уюлун аткезчилик жол менен ташып бараткан Өзбекстандын жараны кармалды.
Сох районунун тургуну 8 куб метр жаңгак уюлун «КамАЗга» жүктөп алып бараткан. Анын жанында жүктү алып өтүү боюнча уруксат кагазы жок болгон. Буга байланыштуу документтер Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад облусунун токойлорунда жаңгак уюлдарын уурдоо тыйылбай жатканын буга чейин айрым активисттер айтып келишкен. (КЕ)