Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Токтонасыров энергетика баасына каршы пикетке чыкты


Жарандык активист жана укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин имаратынын алдында тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы акция өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү билдирди. Ал энергетикага баанын көтөрүлүшүнө нааразылыгы жазылган бир канча плакаттарды милиция тартып алганын билдирди. Ал тариф саясаты боюнча өкмөттүн токтомун чакыртып алууну Жогорку Кеңештен талап кылууда.

11-декабрдан тарта электр энергияcына жана жылуулукка жаңы тариф күчүнө кирген. Ага ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөйт. (КE)

XS
SM
MD
LG