Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Пакистан мектептеги кыргындан кийин өлүм жазасын кайра киргизди

Карачи шаарынын мектептеринин бириндеги аза күтүү жөрөлгөсү. 17-декабрь, 2014-жыл.
Карачи шаарынын мектептеринин бириндеги аза күтүү жөрөлгөсү. 17-декабрь, 2014-жыл.

Терроризм менен байланышкан кылмыш иштери үчүн өлүм жазасы бүгүн премьер-министр Наваз Шарифтин чечими менен кайра киргизилди.

Мунун алдында кечээ өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарында Талибан согушкерлеринин чабуулунан 132 мектеп окуучусунун жана тогуз мугалимдин өмүрү кыйылган эле.

Бул кыргынга байланыштуу Пакистан бүгүн үч күндүк аза күтүүнү баштады.

Премьер-министр Наваз Шариф бүгүн Пешаварда сүйлөп жатып, Пакистан “бейкүнөө балдардын жаркын элесин эске алуу менен терроризмге каршы согуш жүргүзөт”, - деп билдирген.

Өлкөдө өлүм жазасына мораторий 2008-жылы киргизилген. Укук коргоочу уюмдардын эсебинде, өлүм жазасына кесилип, учурда абакта отурган 8000дей адамдын 800ү терроризм боюнча айыпталып, соттолгондор. (UE)

XS
SM
MD
LG