Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Баткен: сегиз милиция кыйноого шектелип кызматтан алынды


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын сегиз кызматкери кылмышка шектүү жаранды кыйноого алган деп айыпталууда.

Аталган мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдрамановдун “Азаттыкка” билдиришинче, облустук Ички иштер башкармалыгынын, Кадамжай райондук, Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлтүрүүгө байланыштуу кылмыштын бетин ачуу үчүн шектүү катары кармалган жаранды физикалык жана психологиялык кыйноого алган.

- Тергөөдөгү материалдарга караганда, милиция кызматкерлери кылмышты моюнга алдыруу үчүн шектүү жаранды тепкилешкен. Башына бир нече жолу желим баштык кийгизип муунтушкан. Натыйжада кылмышка шектүү адам бир нече жолу эсин жоготкон.

Абдрамановдун белгилешинче, милиция кызматкерлери жумуштан четтетилди. Учурда кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, кыйноо боюнча 20га жакын факт прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген.

Укук коргоочулар Кыргызстанда кыйноо фактылары азайбай жатканын сындап келишет. Буга чейин айтылгандай, кыйноо боюнча арыздангандардын басымдуу бөлүгү тартип коргоо органдарынын үстүнөн арызданышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG