Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:09

Абдыгулов: Орусиядан акча которуу азайышы ыктымал


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, өлкөдөгү каржы рыногундагы абалды талкуулады.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы кошуна өлкөлөрдөгү валюта базарындагы абалга байланыштуу Кыргызстандагы кырдаалды анализдеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

- Биз потенциалдуу коркунучтарды жана тобокелдиктерди анализдеп чыгуубуз керек. Ага карата мамлекеттин ушул багыттагы саясатын туура жүргүзүүгө чараларды көрүү зарыл, - деди Оторбаев.

Абдугулов инфляцияны төмөндөтүү, валютаны жөнгө салуу жана коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтты. Анын айтымында, рублдин түшүп кетишине байланыштуу Орусиядан Кыргызстанга которулган каражаттар азайышы ыктымал.

Соңку күндөрү рублдин куну түшүп, бир доллар 62-69 рублдин айланасында сатылууда. Кыргызстандык мигранттар которгон каражат жылына 1,5-2 млрд. долларга жетчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG