Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Корей ишкерлери бүт Кыргызстанды WI-FI менен камсыздоону сунуштады


Учурда Бишкектеги дээрлик бардык кафе-ресторандарда жана коомдук жайларда WI-FI бар.
Учурда Бишкектеги дээрлик бардык кафе-ресторандарда жана коомдук жайларда WI-FI бар.

Түштүк Кореянын ишкерлер Кыргызстандын бүт аймагына WI-FI технологиясын орнотууга кызыкдар. Алар мындай сунушту экономика министри Темир Сариев менен жолугушкан учурда билдиришти. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул үчүн кореялыктар тийиштүү техникалык каражаттарды алып келүүгө макул. Долбоордун ишке ашуусу алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аныкталат.

Корей ишкерлери министр менен 16-декабрда жолугушкан. Алар ошондой эле туризм, мал-чарба тармагында да биргелешкен долбоорлорду сунуштады. 2015-жылдын февраль-март айларында эки өлкө ишкерлеринин ортосунда 10 келишимге кол коюлушу күтүлүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG