Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жыл башынан бери доллардын сомго карата курсу 17% өстү


Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, доллардын сомго карата курсу август айынан бери өсүүдө. Мисалы, августта 1 доллар 51 сомдон 57 сом 60 тыйынга чейин өскөн. Ага ички жана сырткы факторлор себеп болуп, Бажы биримдигине кирүү планы да таасирин тийгизип жатканы жыйында белгиленди.

Жыл башынан бери доллардын сомго карата курсу 17,1 пайызга өсүп, Улуттук банк долларды сатып алуу жана сатуу боюнча 42 жолу валюталык интервенция жасады. Доллардын таза сатылышы 464 млн. долларды түздү.

Кыргызстанда улуттук валюта – сомдун наркы арзандоодо. Улуттук банк бир доллар 57 сом 60 тыйын деп көрсөтсө, Бишкектеги айрым акча алмаштыруучу жайларда бир доллар 60 сомдун тегерегинде сатылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG