Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

“Бөбөктай” республикалык сынагынын жыйынтыгы чыкты


Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан жарыяланган “Бөбөктай” республикалык сынагынын жыйынтыгы чыкты. Сынак 2014-жылдын 1-мартынан 1-ноябрга чейин жүргүзүлгөн.

Улуттук тил комиссиясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сынакка республика боюнча 51 чыгарма кабыл алынган.

Калыстардын чечими менен баш байгеге эч ким ээ болгон жок. Ал эми 1-орунга Жакыпбек Абдылдаев, 2-орунга Ысмайыл Кадыров, 3-орунга Эсенгул Чопуев менен Элмира Төлөкова, 4-орунга Жекшенбай Курманов татыктуу болду.

Сынак президенттин 2013-жылдагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жарлыгынын алкагында балдар адабиятын өнүктүрүү менен балдардын эстетикалык табитин байытуу, кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу жана мыкты акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүү максатында жарыяланган. (ZA)

XS
SM
MD
LG