Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Пакистан менен Ооганстан терроризмге каршы бирге күрөшөт


Пакистан армиясынын кол башчысы Рахил Шариф жана ооган президенти Ашраф Гани терроризм менен экстремизмге каршы биргелешип күрөш жүргүзүлөөрүн билдиришти. Шариф Кабулга шаршембиде барган. Андан бир күн мурда Пакистандын Пешавар шаарындагы мектепте талип согушкерлеринин колунан 140тан ашуун окуучулар менен мугалимдер каза тапкан.

Пакистандын жогорку өкүлү менен кездешүүдөн кийин Гани эки өлкөнүн “чын дилден жана биргелешип терроризм менен экстремизмге каршы натыйжалуу чара көрүүсүнө убакыт келди", - деген билдирүү жасады.

Шариф Ооганстандагы Бейпилдик күчтөрүнүн кол башчысы генерал Жон Кемпбелл менен жолугушту.

Ал тапта Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф бир жуманын аралыгында бардык парламенттик жана саясий лидерлер терроризмди жеңүү боюнча улуттук макулдашууга жетишерин айтты.

XS
SM
MD
LG