Иордания БУУнун Коопсуздук кеңешине Палестина менен Израил ортосунда бир жылдын ичинде тынчтык орнотууга чакырган резолюция долбоорун сунуш кылды.
Документте 2017-жылдын аягына чейин Израилдин коопсуздук күчтөрү Палестина аймагынан толугу менен чегинүүгө тийиш деп айтылат.
Палестинанын БУУдагы элчиси Рияд Мансур долбоор боюнча добуш берүү тезирээк өткөрүлсүн деп эсептбейт. Анын айтымында, талкууларга көбүрөөк убакыт берилүүгө тийиш. Дипломаттар текст боюнча сүйлөшүүлөр бир нече аптага созулушу мүмкүн дешет. Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары АКШ буга чейин Израилди бутага алган чараларга вето коюп келген.
Тел-Авив Израил менен Палестина ортосунда апрель айында үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорунун коопсуздук кеңеши тарабынан аныкталышына каршы болууда.