Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Кумтөр боюнча сүйлөшүү Москвада уланууда


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Москвада «Центерра Голд» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда Кумтөр боюнча сүйлөшүү уланууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Ага аталган мекеменин жетекчи орун басары, эксперттер, Кыргызстан жалдаган эл аралык юристтер катышууда. Сүйлөшүү DLA Piper эл аралык укуктук компаниянын Москвадагы кеңсесинде телекөпүрө форматында өтүп жатат.

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Буга байланыштуу өкмөткө күзгө чейин кошумча дагы ондон ашык келишим түзүүнү тапшырган болчу. Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана ушул айда түзүлөт деп убада кылган. Бирок бир катар талаштуу маселелерден улам анын мөөнөтүн 1-мартка чейин узартууну парламенттен суранган.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Центерра голд” Кыргызстан тарапка экологиялык дооматтардан баш тартуу, коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иштерди токтотуу талабын коюп жатканын “Азаттыкка” билдирген эле.

Москвадагы сүйлөшүү, эртең 19-декабрда аяктайт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG