Бүгүн, 19-декабрда «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Аталган мыйзамда мамлекеттик жумушта иштегендердин кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатуунун тартиби жазылган. Аны депутат Кожобек Рыспаев демилгеленген.
Парламенттик угууда мамлекеттик кызматчылардын кыргыз тилин билүү деңгээли жана мекеме-ишканалардагы тилге көңүл буруунун абалы талкууланат. Жыйынга кызыкдар кишилердин баары катышса болорун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. (SE)