Эл аралык футбол федерациясы – ФИФАнын декабрь айындагы рейтинги боюнча Кыргызстан бир тепкичке көтөрүлүп, 152-орунду ээледи. Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Германия рейтингдин биринчи орунунда.
Ал эми Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин эң алдыңкысы Өзбекстан. Ал 209-өлкөнүн ичинен 74-тепкичти ээлеген. Экинчи орунда жадыбалдын 135-катарынан орун алган Тажикстан турат. Үчүнчү орунда Казакстан, коңшу өлкө жалпы көрсөткүчтүн 139-катарында. Ал эми 147-тепкич менен Түркмөнстан төртүнчү орунда. (SE)