Жашоочулардан кезегинде алдамчылык жол менен 10 млн. сом өлчөмүндө акча алып, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кармалган А.К. аттуу жаран Аксыдагы коммерциялык банктардын биринин филиалын жетектеп турган убакта бир топ тургундардан насыяга акча алып, кайтарып бере албай калган.
2013-жылдын октябрь айында аталган жарандын үстүнөн алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Кечээ күнү ал Бишкек шаарынан кармалып, Аксыдагы милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыр тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. (Rsk)