Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Жалал-Абад: тез жардам кызматы май чырак менен иштөөдө


Жалал-Абаддагы тез жардам..
Жалал-Абаддагы тез жардам..

Электр энергиясынын өчүрүлүшү шаардагы тез жардам кызматынын дарыгерлерине кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу мекеменин башкы фельдшери Дилбар Апышева “Азатыкка” билдирди.

Жумасына үч жолудан кечки убактарда жарык өчкөндө, чалууларды кабыл алууда жана документ толтурууда дарыгерлер телефондун жарыгын же май чырак колдонгонго аргасыз болууда. Тез жардам бекети эски санитардык гаражда орун алгандыктан электр жарыгы калктуу конуштар сыяктуу байма-бай өчүрүлүп турат.

Жалал-Абад тез жардам бекети шаардагы 100 миңге чукул калкты тейлеп, күнүнө 30га чукул чакырууларды кабыл алат. Мында 27 кызматкер эмгектенет жана имараты жараксыз абалда. (RsK)

XS
SM
MD
LG