Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, вице-премьер-министр Валерий Диль башындагы эксперттер ушул маселе боюнча Москвада жүрөт. Өкмөт дүйшөмбү күнү бул маселени кайрадан талкуулашы ыктымал.
Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия эркин экономикалык аймакка кирүүсү тууралуу келишимге 23-декабрда Москвада кол коюлат. Ага кыргыз тараптан президент Алмазбек Атамбаев катышып, келишимге кол коерун премьер-министрдин Бажы биримдиги боюнча кеңешчиси Олег Панкратов өткөн аптада Стамбулда өткөн ишкерлердин форумунда билдирген. (КЕ)