Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Ысык-Көл: мугалимдер зомбулуктун алдын алуу боюнча окууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаарынын Балдарды колдоо борборунун башчысы Белла Капарова билдирди. Окутуунун максаты - балага болгон зомбулукту аныктоо жолдорун үйрөтүү. Учурда бул багытта социалдык мугалимдер окуудан өтүп жатат.

Капарованын белгилешинче, аталган борборго үч айдын ичинде 15 киши кайрылып, үчөө сексуалдык зомбулукка кабылганын айтышкан.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жабыр тарткан жана орой мамилеге кабылган балдар үчүн үч борбор иштейт. Ал ЮНИСЕФтин колдоосу менен Бишкекте, Каракол шаарында жана Түп районунда ачылган. (МК)

XS
SM
MD
LG