Орусия оппозициясынын лидери Алексей Навальный жана анын бир тууганы Олег жалган документтерди пайдаланып, Франциянын “Ив Роше” косметикалык компаниясынан 27 миллион рубль (450 000 доллар) уурдап алган деп соттолууда.
Айыптоочулар 19-декабрда Москвада өтүп жаткан сотто ага-инилердин айыбы далилденген деп, Алексей Навальныйды он жылга жана бир тууганын сегиз жылга эркинен ажыратууну сурашты.
Коррупциянын келишпес сынчысы Алексей Навальный 2011-2012-жылдардагы антиөкмөттүк нааразылык жүрүштөрүнүн башында жүргөн.
Навальный буга чейин “Кировлес” ишканасындагы уурулук фактылары боюнча беш жылга шарттуу соттолгон. Бирок ал президент Путинди сындаганым үчүн соттолдум деп, соттун далилдерин калпка чыгарган.