Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Батыш Иранды ядролук сүйлөшүүдө ийкемдүү болууга чакырды


Улуттар уюмундагы батыштык дипломаттар Иранды ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдө илбериңки болууга үндөштү. Франциялык улук дипломат Филипп Берту БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп, Иран “чечкиндүү түрдө стратегиялык тандоо жасоосу керек” деди.

Британиялык улук дипломат Майкл Татам Иранды ийкемдүүлүккө чакырса, АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Девид Пресмэн ирандыктар менен майнапсыз сүйлөшүүлөрдү улантууну каалабасын айтты.

Мындай кайрылуулар 18-декабрда Ирандын ядролук программасы боюнча Женевада өткөн сүйлөшүүдөн соң жасалды. Ага АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франция жана Иран катышты.

Ноябрда Иран жана береги алты букабат өлкөнүн 12 айда бүтөт делген сүйлөшүүсү быйыл экинчи жолу ийгиликсиз аяктаган. Алар эмки жылы 1-июлда бир мунасага келели деп макулдашты. Иран ядролук ишмердүүлүгүн токтотсо, Батыш экономикалык санкцияны токтотууга даяр.

XS
SM
MD
LG