Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Экологиялык-техникалык инспекциянын эки кызматкери пара менен кармалды


Чүй облустук экологиялык-техникалык инспекциянын А.А. аттуу ага инспектору менен Ш.Д. аттуу башкы инспектору 20 миң сом пара алып жактан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, ушул жылдын июнь айында дары чөптөр менен алектенген ишкерди аталган инспекциянын кызматкерлери кысымга алган. Алар прокуратуранын жасалма күбөлүгүн көрсөтүп, 10 миң сом талап кылышкан. Ишкердин бардык документтери туура болгону менен сураган акчаны берген. Кийин дагы ал ишкерден дагы 20 миң сом талап кылып баштаганда ал укук коргоо органдарына кайрылган. Анын негизинде эки инспектор пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG