Ош облусуна караштуу Каракулжа-Алайкуу жолундагы автокырсыктын айынан Ойтал айылынын электриги Биймамат Орунбеков каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун иниси Ташмамат Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, маркум айылдагы бузулуп калган трансформаторду оңдотуп келмекке райборборго келаткан.
- Алайкууда жол катаал, кыштын күнү кар көп жаап, муз тоңот. Мындан бираз мурда эле жогорку айылдын бир машинеси жолдон тайып, сууга кулап, бир аял, бир кыз көз жумган. Андан кийин дагы бир машине кулап, бактыга жараша алар аман калган болчу. Агам жаңы жылга чейин трансформаторду оңдотоюн, эл майрамды жакшы маанайда тоссо экен деп шашылып кеткен эле. Бир заматта сыздап отуруп калдык, - деди иниси Ташмамат.
Биймамат Орунбековду Алайкууга барган учурунда “Азаттык+” телепрограммасы тарткан болчу. Программада ал Эрбай-Шербай аттуу куурчактарын кийип алып, өзү менен өзү күрөшүп, цирк өнөрүн көрсөткөн. Ошондой эле өзү жазган ырларын ырдап берген. (МТо)