Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 832 миллион доллар жардам алган


Кыргызстан Дүйнөлүк банктан эгемендүүлүк алгандан бери ишке ашырылган 43 долбоордун алкагында жалпы суммасы 832 миллион АКШ доллар көлөмүндөгү каржылык жардам алган.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Жан-Мишель Хаппи менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Кечээ, 19-декабарда төрага Асылбек Жээнбеков Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Жан-Мишель Хаппини кабыл алган.

Жээнбеков Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлор кеңеши кабыл алган Кыргызстанга саясаттын өнүгүүсүн колдоо үчүн 25 миллион доллар берүү чечимин жогору баалады. Өкүлчүлүк башчысы Жан-Мишель Хаппи Дүйнөлүк банктын Кыргызстан менен кызматташуусун кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушууда тараптар макулдашуулар жол-жоболорунун өтүшүнө байланыштуу жана келерки эки тараптуу эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелерин да талкуулашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG