Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Аксыда мал уурдаган эки аял соттолду


Ушул жылдын 7-сентябрында Авлетим айылынан үч баш уйду уурдап, токтогулдук жарандын унаасына жүктөп бара жаткан жеринен колго түшкөн 30 жаштан өткөн эки аялдын үстүнөн сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, сот биринин төрт айлык боюнда бардыгын эске алып, экөөнү тең үч жылга шарттуу кести.

Жыл башынан бери Аксы районунда 25 уурулук фактысы катталып, 29 бодо мал, 10 жылкы, 209 кой жана 4 эчки жоголгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG