Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:43

Нью-Йоркто эки полиция октон каза болду


Полиция кызматкерлери атылган район. Нью-Йорк. 20-декабрь.
Полиция кызматкерлери атылган район. Нью-Йорк. 20-декабрь.

Нью-Йорк шаарында ишемби күнү кечинде куралданган киши эки полиция кызматкерин атып, андан соң өз жанын кыйган.

Шаардын полиция башкармалыгынын башчысы Билл Брэттондун билдиришинче, эки кызматкер автоунаада отурган жеринен башка ок жеген.

Аларды өлтүргөн 28 жаштагы афроамерикалык Исмаил Бринсли кылмыш кылардан бир нече саат мурун социалдык тармактарга полицияны коркуткан билдирүү жазган. Маалыматка ылайык, ал полициячыларга чейин мурда мамиледе болгон кызды атып, жарадар кылган экен.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама полициячыларды өлтүрүүнү айыптады. (TSh)

XS
SM
MD
LG