22-декабрда кээ бир тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус жылуу;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкекте болсо ала булут каптап турат, бирок жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус суук, күндүз 5…7 градус жылуу болот.