Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Өзбекстанда парламенттик шайлоо башталды


Өзбекстан, шайлоо. 21-декабрь.
Өзбекстан, шайлоо. 21-декабрь.

Бүгүн, 21-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүүдө. Учурда шайлоочулардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышты. Жалпы жарандардын 33 пайызы добуш берсе, шайлоо жарактуу деп таанылат.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө парламенти - Олий Межлистин төмөнкү, мыйзам чыгаруу палатасындагы 150 депутаттык орун үчүн 520 талапкер катталды. Алар төрт саясий партия: Либерал-демократиялык, Элдик-демократиялык, Демократиялык “Миллий тикланиш” (Улуттук кайра жаралуу), Социал-демократиялык “Адолат” (Адилет) партиялары тарабынан көрсөтүлгөндөр.

Иш жүзүндө катталган 520 талапкер Олий Межлистеги 150 орундун 135и үчүн гана күрөшөт. Анткени он беш орун атайы Өзбекстандын Экологиялык кыймылы үчүн бекитилип берилген.

Парламенттин жогорку палатасы – Сенаттагы 100 депутаттын 84ү жергиликтүү кеңештер аркылуу келет. Калган 16сын президент дайындайт.

Шайлоого ЕККУдан болгону 20 өкүл байкоо салат. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун өкүлү Рейчел Бендингдин кабарчыларга билдиришинче, Өзбекстандын шайлоосунда атаандаштык болбогондуктан толук кандуу миссия жөнөтүүнүн зарылчылыгы жок деп табылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG