Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү боюнча жыйын курат


Жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча даярдыгы талкууланмакчы. Буга чейин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бул бирикмелерге кошулуу боюнча даярдык өз нугунда жүрүп жатканын билдирген эле. Тиешелүү келишимдерди даярдоо боюнча акыркы иштер жүрүп жатканын учурда Москвада жүргөн экономика министринин орун басары Данил Ибраев “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү тууралуу келишимге 23-декабрда Москвада кол коюлат. Ага кыргыз тараптан президент Алмазбек Атамбаев катышары күтүлүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG