Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Беларус президенти Лукашенко Украинага келди


Беларус президенти Александр Лукашенко жумуш сапар менен Киевге келди. Ал украин президенти Петро Порошенко менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты талкуулады. Ошондой эле Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча сөз жүрдү.

Беларус президенти Киевге сапарынын алдында Москваны сындаган болчу. Ал Орусиянын Беларустан ташылган этке тыюу салынышына каршылыгын билдирип, орус бийлиги туура эмес кылып жатканын айткан.

Ал эми бүгүн Киевге Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жумуш сапар менен келери күтүлүүдө. Ал сапар алдындагы Астанадагы маалымат жыйынында Украинанын бүтүндүгүн колдой турганын жана өлкө чыгышындагы абалды жөнгөрүү үчүн ортомчу болууга даяр экенин шардана кылды.

Беларус жана Казакстан Орусиянын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигиндеги негизги өнөктөштөрү.

XS
SM
MD
LG