Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

14 жаштагы кызды күйөөгө сатуу фактысы тергелип жатат


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын мааалымат катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 14 жаштагы кызды күйөөгө сатты деген шек менен учурда үч адам суралып жатат.

Анын айтымында, 35 жаштагы Каракол шаарынын тургуну 14 жаштагы кызы 28-октябрдан бери дайынсыз экенин айтып кайрылган. Айтымы, кызы Тоң районундагы Кубакы аймагындагы “Жолбулак-Евразия” кафесине иштейм деп кетип кабарлашпай калган.

Кийинчерээк милиция 14 жаштагы Мээримди аталган кафени ижарага алып иштеткен Элиза аттуу аял Кичи-Кемин районунун Нурлан аттуу жашоочусуна 15 миң сом жана бир койго күйөөгө сатып жибергенин аныкташкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG