Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Башкы прокуратура “Ак-Кеме” боюнча доонун төлөнүшүн териштирүүдө


Башкы прокуратура “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча 11 миллион долларлык доону төлөөнүн мыйзамдуулугун териштирүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Депутаттын айтымында, бул иш боюнча аны Бюджет комитетинин мүчөсү катары Башкы прокуратурага суракка чакырышты:

- Негизи өкмөт бюджеттен кетип жаткан акча үчүн уруксатты парламенттин Бюджет жана финансы комитетинен алат. “Ак-Кеме” боюнча доо төлөөдө өкмөт биздин комитетти жыйынга чогултпай туруп эле, бир-эки депутаттын макулдугу менен 6 миллион долларды которуп салыптыр. Башкы прокуратура ушул ишти териштирип, комитет мүчөлөрүн суракка чакырып жатат, - деди Жээнбеков.

Буга чейин кыргыз өкмөтү түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясына 11 млн. доллар төлөп бергени тууралуу кабар тараган. Түрк компаниясы бул каражатты кыргыз өкмөтү менен “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто соттошуп утуп алган. Соттун чечими менен Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган. Кыргыз өкмөтү ушундан кийин түрк компаниясына 11 млн. доллар которуп, акцияларды кайтарып алууну көздөгөнүн айткан. Бул иш Жогорку Кеңеште да талкууланып, тиешелүү комитет Башкы прокуратурага иликтөөнү тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG