Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Кыргыз мигранттары жаңы жылдан кийин деле Орусияга ID-card менен киргизилиши мүмкүн


Бул тууралуу Орусиянын федералдык миграция кызматынын өкүлү Дмитрий Демиденко Москвадагы кыргыз элчилигинде берген маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык жарандар үчүн жеңилдик катары жаңы жылдан кийин деле Орусияга ID-card менен кирүү мүмкүнчүлүгү калтырылышы мүмкүн. Учурда бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Орусия 2015-жылдын 1-январынан тарта өз аймагына чет элдиктерди ички паспорт менен кирүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Жаңы талаптарга ылайык, Орусияга кирүүдө 16га толо элек балдарда да жалпы жарандык документ болууга тийиш. (UEz)

XS
SM
MD
LG