Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Сөөк көмүү үчүн жерди акысыз берүү сунушу 3-окууда колдоо тапты


Кара-Жыгачтагы көрүстөн. Бишкек.
Кара-Жыгачтагы көрүстөн. Бишкек.

Сөөк көмүү үчүн жер тилкесин акысыз негизде берүүгө багытталган мыйзам долбоору парламенттин социалдык саясат комитетинде 3-окууда жактырылды. Жогорку Кеңештин Татьяна Левина баштаган депутаттары өлүк коюуга жер берүү бизнеске айланып баратканын белгилеп, ага бөгөт коюу үчүн жерди акысыз негизде берүүнү сунуштап келишет. Мыйзам кабыл алынса, сөөк жашырчу жер жана ритуалдык кызматтар бардык жарандар үчүн акысыз сунушалат.

Мэриянын маалыматында, борбор калаада каза болгон жаранды көмүү үчүн жер тилкеси славяндарга 3400, мусулмандарга 4400 сомдон берилет.

Айрым маалыматтарда өлүк коюуга берилчү жердин баасы 1000 сомдон 40 миң сомго чейин жеткени айтылат. Айрым адистер жер тартыштыгын чечүү үчүн крематорий куруп, сөөктү өрттөөнү сунуштап келишет. Баш калаанын айланасында беш көрүстөн бар. (UEz)

XS
SM
MD
LG