Бул туурасында Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин бөлүм башчысы Өскөн Стамкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги дайыны чыкпай жаткан үч миң флакон инсулин боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.
Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Ош облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 13 миң флакон инсулин жөнөтүлүп, анын үч миңи жолдон жоголуп кеткен. (UEz)