Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев өкмөттү муфтияттын Социалдык фондго болгон 12 миллион сом карызын кечүүгө үндөп, диний кызматкерлерге кылмыш ишин козгоп, куугунтуктоонун ордуна аларды колдоого чакырды.
Буга чейин ажылык сапарды уюштурууда түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп ошол кездеги муфтий Чубак ажы Жалиловго кылмыш иши козголгон болчу. Депутат Өмүрбек Текебаев Чубак ажы Жалилов ажы башчыларынын сапар чыгымдарын айлык акы деп жазып койгондугу үчүн салыктын көлөмү көбөйүп кеткендигин, муну диний ишмерлерди колдоо иретинде атайын мыйзам аркылуу жокко чыгаруу зарылдыгын белгиледи.
Чубак ажы Жалилов ага негизсиз кылмыш иши ачылганын, анын айынан ал чет өлкөдөгү диний жыйындарга катыша албай жатканын айтып келет. Бирок өкмөт буга чейин муфтияттын карызын кечүүгө каршы пикирин билдирген. (JAk)