Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

AI: Жихадчылар туткунга алган езид кыз-келиндер зордукталган


Ирактын езид диний азчылыгынын аялдары жана кыздарын жыйында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу кул катары туткунга алгандан кийин аеосуз кыйналган. "Ошондой эле зордукталган жана башка сексуалдык кыйноолорго алынган", - деп айтылат Эл аралык мунапыс уюму 23-декабрда жарыялаган докладда.

Бул доклад экстремисттердин туткунунда болуп чыккан 40тан ашуун езид аял менен маектешүүнүн негизинде даярдалган. Согушчандар августта Сиран шаарын ээлешкенде, миңдеген езид азчылыктарын туткунга алган.

"Кыйналып зордукталган, мажбурлап күйөөгө берилген же Ирак менен Сириядагы халифатчыларга белекке тартууланган езид аялдардын арасында 10-12 жаштагы кыздар да болгон. Айрым аялдар менен кыздар зордукталбаш үчүн өз жанын өздөрү кыйышкан. Езиддердин көбү ислам динин кабыл алууга мажбурланган", - деп белгиленет Эл аралык мунапыс уюмунун иликтөөсүндө.

XS
SM
MD
LG