Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстандын ЕАЭСке кошулуусу боюнча келишимге кол коюлду


Бүгүн Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлду.

Бул тууралуу Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйынан соңку маалымат жыйынында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жарыялады. Анын айтымында, келишимде бирдиктүү бажы төлөмдөрү, Кыргызстандын Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр менен бажылык көзөмөлдү алып салуу мөөнөттөрү аныкталды. Ал эми кийинки жылдын 9-майынан тарта Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишим толук кандуу иштей баштарын Атамбаев кошумчалады.

Кыргызстанда Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча маселе эки жылдан бери кызуу талкууланып келген. Өлкөдөгү бир катар жарандар бул уюмдарга кошулуу Кыргызстандын саясий көз карандысыздыгына доо кетирет деп каршылыгын билдирүүдө. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлган соң Жогорку Кеңеш аны ратификациялашы керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG